7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аэрофлот» келерки аптадан тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантат

663

«Аэрофлот» келерки аптадан тарта Орусиядан Кыргызстанга каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандантууга макул болгон, Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди министрдин орун басары.

Орусиялык ири авиакомпания болгон «Аэрофлот» 8-марттан тартып чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарын токтоткон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664