7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто дарыканадагы сатуучуларды алдап жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

720

Ошто дарыканадагы сатуучуларды алдап жүргөн Өзбекстандык жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, аптекада иштеген Ош шаарынын үч тургуну милицияга ушул жылдын январь-февраль айларында эле арыз менен кайрылышкан.

Анда, «Айбек» деп өзүн тааныштырган жаран алардын ишенимине кирип, кымбат баалуу дары-дармектерди насыяга алып, андан ары изин жашырып кеткен. Жабырлануучулардын бирөөсүнөн 10 миӊ сомдон ашуун, экинчисинен медициналык аппарат менен кымбат баалуу бир нече дарынын түрүн, ал эми үчүнчү жабырлануучудан «Редми» үлгүсүндөгү телефонун «бирөөгө чалып алайынчы» деп алып изин жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Өзбекстандын жараны Ж.А. кармалган. Ал алдамчылык жолу менен алган дары-дармектеринин көпчүлүгүн жана «Редми» үлгүсүндөгү телефонду Өзбекстанга барып сатып жиберген.

Ош шаардык соту тарабынан шектүү бир айга абакка кармоо чечими чыгарылып, шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар, же жоктугу текшерилүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

721