7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Украинада согуш башталгандан бери 559 кыргызстандык эвакуацияланды

634

Украинада согуштук аракеттер башталган бери 559 кыргызстандык эвакуацияланганын Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда КРнын 680 жараны консулдук эсепте турган болсо, учурда элчиликтен жардам алууну каалагандар көбөйүүдө.

Дипломат Украинанын аймагында 93 жаран калганын белгиледи. 8-мартка карата кезектеги эвакуациядан кийин 71 жаран калган, бирок акыркы 2 күндө дагы 22 жаран жардам сурап кайрылган.

Согуш жүрүп жаткан аймактарда калган жарандар менен байланыш үзгүлтүккө учурап жатканын жазган.

“Алардын айрымдары менен электр энергиясы өчүрүлүп, телефон байланышы үзгүлтүккө учурагандыктан, байланыш туруксуз. Жарандардын бул тобу гуманитардык коридорлор аркылуу эвакуацияланат деп күтүлүүдө, аларды уюштуруу украин тарап менен талкууланууда. Анын ичинен 25%га жакыны Кыргызстандын резидент эместери (үй-бүлө мүчөлөрү жана КРдин мурдагы жарандары). Бул топтогу адамдардын көбү Украинанын жарандыгын алып, бирок Кыргызстандын жарандыгынан чыга электиги эч кимге жашыруун эмес, буга байланыштуу аларда мөөнөтү өтүп кеткен Кыргыз Республикасынын ички паспорттору дагы эле бар”, — деп жазган ал.

Жалпы аскердик мобилизацияны жана 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин Украинадан чыгуусуна тыюу салынганын эске алып, жарандар өлкөдөн чыгуу үчүн эски Кыргыз Республикасынын паспортторун (ID) колдоно башташкан, анткени алар КР жарандыгынан расмий түрдө чыгуудан баш тартышканын билдирди.

“Белгилей кетүүчү жагдай, калган 93 адамдын 50%ы түрдүү себептер менен эвакуациядан баш тартышты (үй-бүлөлүк, турмуш шарттык, ишкердик ишмердүүлү, туугандарынын ден соолугунун абалынын начарлыгына жана башка). Одессада жашап, иштеп жүргөн 6 жаран кызматтык жана коммерциялык себептер боюнча шаарды таштап кетүүдөн баш тартышты. Полшага согуш аймактарынан чыгарылган биздин жарандарыбыз тынчыраак аймактарда бизнесин улантуу үчүн аларды Украинанын аймагына кайтарып берүү өтүнүчү менен бизге кайрылган бир нече фактылар бар”, — деди ал.

Ошондой эле “Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин ишмердүүлүгүн каралоо максатында атайылап жалган маалыматтарды таратып, муну менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын ишине кыйынчылыктарды келтирип жаткан айрым жарандарынын деструктивдүү аракеттерин белгилебей кете албайм”, — деп жазган Идрис Кадыркулов.

Белгилей кетсек, элчилик күнү-түнү күчөтүлгөн режимде өз иштерин толугу менен аткарууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635