7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо 54 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда кампадан табылды

1281

Кочкордо 54 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда кампадан табылды. Бул тууралуу 7-каналга Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-март күнү Кочкор РИИБге Кочкор районунун Ак-Чий айылын тургуну кайрылып, 1968-жылы туулган аялы короосунда жайгашкан кампага кирип, муунуп каза болуп калганын билдирген.

«Аталган билдирүү Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонгон белгилер байкалган эмес. Бул окуя боюнча бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1282