7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министри Азамат Жаманкулов Ассоль Молдокматованын уулуна төш белги тапшырды

972

Бүгүн, 11-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минстри Азамат Жаманкулов белгилүү бийчи Жан Воинов менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда Азамат Жаманкулов Маданият министрлиги тарабынан бий өнөрүнө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, Жан Воиновдун бий өнөрүнө кошкон салымы жана чыгармачылык тараптан калыптануусу боюнча көз салып жаткандыгын айтып, ага бий искусствосуна кошкон салымын үчүн “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Өз кезегинде Жан Воинов мындай колдоо ага дем күч бере турганын баса белгилеп, июнь айында Бишкек шаарында бий өнөрү боюнча эл аралык деңгээлде иш-чара өтө тургандыгын маалымдап, аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча баарлашты.

Эске салсак, Жан Воинов коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уулу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

973