7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы депутат Алиярбек Абжалиев келтирилген зыянды толук төлөп, камактан чыкты

566

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевге УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Абжалиев Жогорку Кеңешинин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 миллион доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган.

«Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде экс-депутат камакка алынып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш боюнча чындыкты тактоо жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө, айыпталуучу жабырлануучуга келтирилген 1,2 миллион доллардан ашык зыяндын ордун толугу менен толтурган. Буга байланыштуу 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567