УКМК тарабынан бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖКнын 4 депутаты, ЖК Аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты, 2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкери, Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер, Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкерлери, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) 1кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 билим берүү кызматкери, 1 Социалдык фонддун кызматкери, 2 банк кызматкери, 4 муниципалдык кызматтын кызматкери, 1 Муниципалдык аймактык башкаруунун адиси, 1 Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, 1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери, Райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы, 7 айыл аймагынын башчысы, 2 айыл аймагынын башчысынын орун басары, 7 айыл аймагынын кызматкери жана 5 айылдык кеңештин депутатынын дипломдору текшерилүүдө.
Ошондой эле, кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен.
Учурда 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.