Тагаев Мураталы Абдыкарович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мураталы Тагаев буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри болуп эмгектенген.