7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө окуучу кыздардын алтын сөйкө, шакектерин тартып алып жүргөн делип 30 жаштагы келин кармалды

772

Окуучу кыздардын алтындарын алдоо жолу менен чечип алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 11-мартта борбор калаанын Кара-Жыгач конушунда болгон. Жаза аткаруу кызматынын оперативдүү-режимдик башкы башкармалыгынын кызматкерлери 30 жаштагы жаранды кармашкан.

«Бул жаран Чүй облусунун Панфилов, Москва жана Жайыл райондорунун аймагындагы орто мектептеринин жашы жете элек окуучулардын алтын, сөйкө, шакек, чынжырларын жана башка буюмдарын алдоо жолу менен тартып алганы үчүн издөөдө жүргөн. 2022-жылдын башынан бери жаш кыздардын баалуу буюмдарын тартып алуу максатында ал жакка барып турганы аныкталган. Маалыматка ылайык, 10го жакын мындай учур катталган.  Буга чейин ага мындай кылмыштар үчүн бир нече жолу иш козголуп, соттолгон.
Азыр аталган райондордун ички иштер органдары тарабынан бул фактыларга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле анын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

773