Караколдо дүкөндөн өрт чыкканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-март күнү Каракол шаарынын Жапаров көчөсүндө жайгашкан “Алтынбек” азык-түлүк сатуучу дүкөндөн өрт чыккан. Аталган дүкөндөн чыккан өрт жанында жайгашкан “Эльмира” дүкөнүнө өткөн.
Өрт электр зымдарынын кыска чыңаалуусунан чыгып, 15 даана пластик терезе жана дүкөндөрдүн ичинде жайгашкан азык-түлүктөр күйүп кеткен.
Жерине 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 10:08де чектөөгө алынып, 12:40да толук өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.