Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сабак учурунда окуучуларга уюлдук телефонду колдонууга тыюу салуу керектигин айтып чыкты.
«Уюлдук телефон боюнча маселени көтөрүп бир топ талкуу болду. Мектеп окуучуларына сабак учурунда телефонду колдонууга тыюу салыш керек. Негизи көрүп эле жатабыз балдардын бири-бири менен сүйлөшүүсү, достошуусу да жоголду. Телефон бир топ эле зыян. Ошондуктан биз сабак учурунда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салуу керек. Мектепте ар кандай роликти тарткан окуялар да болуп жатат. Ушул боюнча чечим чыгарып, Министрлер кабинетине тапшырма берсек. Мектепте тартип болушу керек»,- деди ал.