7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекетке 2,5 млн сом зыян келтиришкен Ысык-Көл РЭТнин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

736

“Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун (ААК) Ысык-Көл райондук электр тармагынын (РЭТ) кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Чыгышэлектр” ААКнын Ысык-Көл (Чолпон-Ата ш.) РЭТинин кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, райондун аймагында жашап жаткан абоненттерге электр энергиясын эсептөөчү эсептегичтерди орнотпостон, абоненттерди электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз туташтырышкандыгы жана карыздары өтө чоң сумманы түзгөн абоненттердин карыздарын жашыруу максатында жаңы эсептөөчү эсептегичтерди орнотушкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, адамдар жашабаган турак үйлөргө же имараттарга карата электр энергиясын колдонуп, карыздары чоң өлчөмдү түзгөн деп иш кагаздарды түзүшүп, кийин электр энергияга болгон карыздарды мыйзамсыз жоюу менен эсептен чыгарышкан.

Аталган мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке жалпы 2 млн 547 миң 744 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737