7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жолдун ортосунан жаш кыз эс-учун жоготкон абалда табылды

934

Жалал-Абад шаарында жолдун ортосунан жаш кыз эс-учун жоготкон абалда табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

11-март күнү саат 03:10 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин «102» кызматына телефон чалуу болуп, анда Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан телеканалдын жанында, темир жолдон 50 метр аралыкта, жолдун ортосунда азият улутундагы 20-25 жаштагы кыз акыл-эсин жоготуп, өзүн билбей жаткандыгын кабарлаган.

Ал Жалал-Абад шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жана жанында эч кандай документ болгон эмес. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жакын жерлерде жайгашкан видеокамералар каралып, окуяга тиешеси бар видеотасмалар алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

935