7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө пикир келишпестиктен улам 41 жаштагы жаран киши колдуу болду

620

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

4-декабрда Москва РИИБге телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Москва РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда анын 1981-жылы туулган жаран экендиги такталган.

Бул окуя РИИБине каттылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы аныкталган.
Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1982 жана 1979-жылы туулган жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

621