Ат минген Абдылда Капаров Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, ал үйүнө коё берилген.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп Бишкектин эски аянтына ат менен келген. Ал колунда кызыл желек кармап, жонунда Путиндин сүрөтү менен “Биз сени мененбиз” деген жазуусу бар бол сүрөт илип алган болчу.