7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда боор алмаштыруу борбору ачылышы мүмкүн

870

Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунда Индиянын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөбүздө боорду трансплантация борборун ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган союздан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекке 20дан ашык индиялык бизнес өкүлдөрү келген.

Маалым болгондой, жолугушууда индиялык тарап Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жарыялады, анын ичинде:

  • медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жана тажрыйба алмашуу;
  • туризм жана медициналык туризм;
  • медициналык жардамды өнүктүрүү;
  • медициналык эмеректерди жана медициналык буюмдарды, онкологиялык оорулуулар үчүн буюмдарды жеткирүү;
  • боорду трансплантация борборун түзүү;
  • дары чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү кайра иштетүү;
  • иммунитетти жогорулатуу үчүн суусундуктарды өндүрүү;
  • дары-дармек жана заттар менен камсыз кылуу;
  • текстиль буюмдары.

PHDCCI 1905-жылы негизделген жана Индиядагы алдыңкы палаталардын бири болуп саналат. Анын Бахрейнде Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн өзүнүн эл аралык кеңсеси бар, ага чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө толугу менен багытталган 130 миң компания кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

871