Британиялык диетолог Дэвид Сташ шекерсиз жашоого жардам берген бир топ жолдорду айтты. Бул тууралуу Hello News жазып чыкты.
Диетолог Дэвид Сташ таттуу нерсени каалаган учурда суу ичүүнү сунуштады. Ошондой эле шекерди ордун баса алган башка нерсеге алмаштыруу жакшы экендигин айтып, тамак-ашта болушунча шекер аз болуп, белоктун көп болушу керектигин белгиледи.
Маалыматка караганда, шекерден алыстоонун башка жолу — физикалык активдүүлүк.
«Бат басуу, кыска убакытка жүгүрүү же башка кыймыл-аракетттерди жасоо таттууга болгон каалоонун азайышына алып келет»- дейт диетолог.
Дэвид Сташ шекерге болгон каалоонун күчөбөшү үчүн таттуу тамак-аштардан баш тартууну сунуштайт. Анын айтымында, эң негизги нерсе шекер колдонгондон көп убакытка өзүн-өзү кармоо.
«Таттуудан баш тарткандан кийин канчалык көпкө карманса, даам тандоо да өзгөрөт. Мындан улам мурда каалап жеген таттуулар анчалык да даамдуу сезилбей калат»,-дейт ал.