7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын казысы: «Президентибиздин жарлыгына сүйүндүк»

804

Бүгүн 16-мартта, Бишкек шаарынын казысы Самидин Атабаев Ак-Ордо конушундагы «Хулафаи Рашидин» мечитинде акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулук маселеси боюнча имамдарга жыйын өттү.

Сарамжалдуулукка багыттаган жарлык элдин түйшүгүн жеңилдетерин билдирген шаар казысы, мындай сунуш буга чейин айтылып, бирок, ишке ашпай келгенин билдирет. Ошондой эле калк арасында ысырапкорчулук боюнча түшүндүрү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Бул жыйындын максаты президентибиз Садыр Жапаровдун ысырапкорчулукту жоюу боюнча жарлыгынын негизинде Бишкек шаарындагы имамдар менен ушул маселени талкуулоо. Ошондой эле муфтиятыбыз бул жарлыктын алкагында чыгарган фатва менен тааныштырып, жалпы тапшырмаларды берүү. Азыр жарлык баарыбызга аябай жагып жатат. Бул имамдардын мүдөөсү болчу», — деди Самидин Атабаев.

Жыйынга имамдардан тышкары мэриянын өкүлдөрү, дин иштери боюнча мамлекеттик коммисиянын мүчөсү катышты. Жарлыктын максаты чектөө же тыюу эмес, ашыкча чыгымдарга жол бербөө экендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Андан соң, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805