7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда медициналык факультетте окугандардын 77 пайызын чет элдиктер түзөт

537

Кыргызстанда медициналык факультетте окугандардын 77 пайызын чет элдиктер түзөт. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39 миң 851 студент билим алса, анын ичинен 2 миң 708 гранттык негизде, 37 миң 143 контракттык негизде окуйт. Ал эми медициналык студенттердин жалпы санынын 77 пайызын  чет элдиктер түзөт.

Анын ичинен:

— Индиянын жарандары – 14456;

— Казакстандын жарандары – 571;

— Пакистандын жарандары – 9725;

— Россиянын жарандары – 668;

— Тажикстандын жарандары – 357;

— Өзбекстандын жарандары – 5174;

— башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363;

— башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары – 472.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4386 адис бүтүрөт, анын ичинен 351и бюджеттик негизде окугандар, 4035и контракттык негизде окугандар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

538