7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Донецк менен Луганск Республикаларын тааныбай турганын жарыялады

714

Өзбекстан Луганск жана Донецк Республикаларын тааныбайт. Бул тууралуу 17-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлис Сенатынын жалпы жыйынында билдирди.

«Өзбекстан Республикасы Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жактайт. Биз Луганск жана Донецк Республикаларын тааныбайбыз», — деди Камилов.

Министр өз сөзүндө Өзбекстан Орусия менен да, Украина менен да тарыхый ар тараптуу байланыштарга ээ экенин айтып, бул мамилелер мындан ары да улантыла бере тура турганын кошумчалады. Ал Украинадагы оор кырдаалга байланыштуу Өзбекстан аларга гуманитардык көмөк көрсөтүүнү уланта берерин билдирди. Мурдараак Ташкент Киевге 28 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.

Муну менен катар Украинадагы жаңжалдан кийин Батыштын Орусияга карата киргизген санкциялары Өзбекстанга түз таасирин тийгизип жатканын, Ташкент үчүн бул санкциялардын терс таасирин жоюу маанилүү экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715