7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаардык сот Бакыт Алиевди камакта калтырды

1657

Бүгүн Ош шаардык сотунда «С-Лайн» турак -жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиевдин баш коргоо чарасы каралды. Ага 210-берене “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан улам, сот ага коюлган берене оор кылмыштарга кирерине жана ыйгарып алынган сумма көптүгүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алган. Эгерде Бакыт Алиев жогоруда айтылган берене менен соттолсо 10 жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү конфискацияланышы да мүмкүн. Азырынча шаардык сот Алиевди тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакта калтырды.

Белгилей кетсек, анын үстүнөн 24 адам арыз жазган, андан сырткары Бишкек шаарында дагы жабырлануучулар бар экени айтылып жаткан. Ал эми тергөөнүн алгачкы териштирүүсүндө эле 40 млн сомдук зыян эсептелген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1658