7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

13 жаштагы кызына сексуалдык аракет жасоого шектелген ата 12 жылга эркинен ажыратылды

1453

Актөбө шаарынын тургуну 13 жаштагы кызына сексуалдык аракет кылган деп табылды. Бул тууралуу Актөбөдөгү Алматы районунун прокурору Жасулан Даулембаев билдиргенин Спутник Казакстан жазып чыкты.

Анын айтымында, соттолуучу мурда жаза мөөнөтүн түзөтүү колониясында өтөгөн. Түрмөдөн чыккандан кийин үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып кызына сексуалдык аракет жасаган.

«Бул окуя боюнча Актөбө шаарынын Алматы райондук прокуратурасынын тергөөчүсү протокол түздү. Кылмыш ишинин тергөө жыйынтыгы боюнча айыптоо корутундусу түзүлүп, Актөбө шаарынын тургунуна козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү», — деген Даулембаев.

«Сот мамлекеттик айыптоочунун пикирине макул болуп, жаранды 12 жылга эркинен ажыратты. Ал абакта жазасын өтөп жатат»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1454