Куткаруучулар жаандан улам Кытайдын түштүгүндө China Eastern Boeing 737-800 учагы кыйраган жерде издөө иштерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган аймакта жаандан улам жер көчкү жүрүү коркунучу жаралган. Метеорологиялык департаменттин болжолдоосуна ылайык, жакынкы 24 саатта кырсык болгон жерде жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлөт. «Кара куту» жана жүргүнчүлөрдүн сөөгү табыла элек. Аларды издөө үчүн куткаруучулар тепловизор функциясы бар дрондорду колдонушат. Жеринде 2 миңге жакын куткаруучу иш алып барууда.
Белгилей кетсек, кырсык Кытайдын түштүгүндө катталган. Анда China Eastern Boeing 737 жүргүнчү учагы Учжоу шаарынын Тэн округунда кулап түшкөн. Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, учак Куньминден жергиликтүү убакыт боюнча 13:15те учуп, Гуанчжоуга багыт алган. Учжоу аймагында саат 14:20 чамасында учак ылдамдыгын кескин азайтып, бийиктигин жогото баштаган, андан кийин радар экранынан көрүнбөй калган. Курман болгондордун саны белгисиз.