7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыз-жигит сармерден оюну өттү

1147

Бүгүн, 23-мартта Жалал-Абад облусунда Барпы театрында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ортосунда кыз-жигит сармерден оюну өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облустун бардык район-шаарларынан келген жалпы 24 катышуучу катышып, ыр-күүлөр менен өз таланттарын тартуулашты. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, облустук бийликтин материалдык жардамын тапшырды.

Облус башчысы көптөгөн ден ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомдо өз ордун таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө ар тармакта жигердүү эмгектенип келе жаткандыгын белгилеп, ыраазычылык билдирди. Мындай саамалыктар майыптыгы бар жарандарга дем-күч берээрин кошумчалап, алдыда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн каралып жаткан пландар тууралуу айтты.

Иш-чарада кыз-жигит сармерден оюнун уюштурууну колго алган «Бирдиктүү багыт» майыптар коомдук бирикмелер ассоцациясынын жетекчиси Жумакан Жаркуловага ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1148