COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет. Бул тууралуу Ыкчам штабдан билдиришти.
«Акыркы маалыматтар коронавирус жана кургак учук менен ооруган адамдардын өлүмгө учуроо мүмкүндүгү кургак учукка гана кабылгандарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору. Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5 миң 600дөн ашуун учурлары катталат. Биздин мамлекет дүйнөдөгү кургак учуктун дарыга туруктуу түрлөрүнүн деңгээли эң жогору болгон отуз өлкөгө кирет»,- деп айтылат маалыматта.