7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу: Депутат Козуев тургундар менен жолугушуп, бир нече маселелерди талкуулашты

827

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кара-Суу районуна иш сапары менен барып, Жоош айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Турусбек Ногоев баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Баарлашуу алкагында аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр, анын ичинен ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси, жазгы талаа жумуштарына көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү талкууланды. Муну менен катар айыл чарба тармагына тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, мамлекеттин карамагындагы жерлерди бөлүштүрүү, үрөөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу тууралуу сөз болду.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар тарабынан Султан-Наз Суу пайдалануучулар ассоциациясын отчет берип, каражаттардын кандайча сарпталгандыгы боюнча маалыматтарды көрсөтүүсүн талап кылынды.

Андан сырткары Зарбалик жана Питомник айылдарындагы мектептин курулушуна көмөк көрсөтүүнү суранышып депутат айтылган бардык маселелердин чечилишин өз көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828