Сак болуңуздар! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
804
24-марттан 28-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр — Талас — Тараз 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымында (Чапчыма ашуусу),
- Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 74-95 чакырымында,
- Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымында (Талдык ашуусу),
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы),
- Бишкек — Нарын — Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
- Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында,
- Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сөөк ашуусу) 52-68 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт жана жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Ошондой эле унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.