7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Өлкөдө аталган илдет менен ооругандар азайды

610

24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук дартына каршы күрөшүү күнү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таяна турган болсок, Кыргызстанда  2021-жылда 3877 жаңы башталган учуру катталган. Кургак учук менен ооругандардын көпчүлүк бөлүгү Чүйдө болсо, эң аз бөлүгү Ысык-Көл облусунда экени айтылат.

Өлкөнүн мыйзамына ылайык, кургак учук менен ооруган оорулуу бекер дарыланууга укуктуу. Республика боюнча кургак учук менен катталган 3 миң 825 бейтаптын ичинен 689у амбулатордук негизде толук дарылоо курсунан өткөн.

Ошондой эле өлкөдө 2021-жылдын 12 айында өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөп, 100 миң адамга 226 учур туура келген. Ал эми былтыр 2020-жылы 100 миң бейтапка 259 өлүм көрсөткүчү түзгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611