7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды

612

Бүгүн, 24-мартта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын Маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан УКМКнын чек ара кызматы УКМК кызматкерлери менен биргеликте Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны складтардын биринде пластмасса жүктөрү менен аныкташкан.

Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны чек ара заставасына айдап баруу чечими кабыл алынып, кампанын ээси автоунааны айдап бара жаткан, аны УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери коштоп бара жаткан.

Арка-Борбордук айылына жакын жолдон Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулган жерде айдоочу унаасын токтотуп, качып кеткен. Тажик Республикасынын жарандары КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармоого аракет кылышкан.

Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунаанын артынан келе жаткан Кыргызстандын «Жаңы Жер» чек ара заставасынын башчысы аскер кызматкерлерин жана курал-жарактарды басып алуунун алдын алуу максатында бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болгон.

Тажикстандын жарандары КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармай алышкан эмес, бирок алар Калашников автоматынын 1 даанасын ок-дарысы жок жана 1 радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда токтоосуз телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынып, анда тажик тарап автомат жана радиостанцияны тапшыра турган болду.

Эскерте кетсек, саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613