7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди

758

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскерүү берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын чыгарган чечиминде айтылат.

Буга чейин журналист Акылай Маратова Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазган. Буга министрдин 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учурунда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге конституциялык мыйзамынын 25-беренсин жетекчиликке алып, эскертүү жөнөтүлгөндүгүн билдирем»,- деп жазылат чечимде.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

759