ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча КБР АМС катталган кылмыш ишинин алкагында КРнын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М.М. кармалды.
ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаага Россия Федерациясынан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана КРнын мамлекеттик номурун каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 млн 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Ушул жылдын 24-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.