Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ырсалиев буга чейин Биринчи Май районуна аким болуп эмгектенип келген. Ал эми аталган районго аким болуп, Максатбек Сазыгулов дайындалды.
Эске салсак, Жамалбек Ырсалиев буга чейин борбор калаанын вице-мэри болгон.