Курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
24-мартта УКМК тарабынан мыйзамсыз колдонуудан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алуу боюнча иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды.
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Нарын ОИИБдин жана УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган.
Аталган жайдан:
-2 кырдуу жылмакай курал;
-1 жылмакай аңчылык куралы;
-1 майда калибрлүү мылтык,
-1 “Сайга-410” карабини;
-59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.
Белгилей кетсек, табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн.
Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.