Ошто каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери тарабынан 25-март күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан Ош шаарындагы адам тоноого шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалды. Ал мурда соттолгон, эч жерде иштебейт. Үй бүлөсү жок, ажырашкан. Чоӊ-Алай районунун тургуну.
Шектүү 23-март күнү Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан чоӊ көпүрөнүн алдында 1975-жылы туулган өзүнө бейтааныш жабырлануучуну коркутуп, ага таандык болгон паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Андан соӊ Чаткал районундагы жакын тууганынын үйүнө качып кеткен. Учурда ал Оштогу борбордук базардын аймактарындагы ушул сыяктуу кылмыштарга шектелип жатат.
Учурда шектүү адам тоноо фактысы менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.