Эртең, 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкекте түндө жамгыр жаайт, абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 8…10° болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10°
- Таласта түнкүсүн -1…4°, күндүз 4…9°
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 3…8° күндүз 6…11°
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-2°, күндүз 5…7°
- Нарын облусунда түнкүсүн 0…-2°, күндүз 3…5°
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…+3°.
Эскерте кетсек, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, муз тоңот.