7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бардык жарандар эл каттоого катышууга милдеттүү. Акимдер эл каттоодон өтүштү

701

Борбор калаанын төрт районунун башчылары эл жана турак жай фондун каттоодон өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков МАБдардын жетекчилери, ошондой эле эл каттоочулар менен биргеликте райондо КРнын эл жана турак жай фондун  каттоонун жүрүшүн текшерди. Аким инструктордук кабинеттин иши менен, ошондой эле калк жашаган пункттарда калкты каттоонун жүрүшү менен таанышты.

Эл каттоого Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты. Каттоочу атайын мобилдик тиркемени колдонуу менен жеринде акимдин, анын үй-бүлөсүнүн жана турак-жай фондусунун маалыматтарын анкета формасына ылайык каттады.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов менен Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев да эл каттоо анкетасын толтурууга  маалыматтарын беришти.

Эске салсак, Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталды, ал 10 күнгө — 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат.

Эл каттоого катышуу милдеттүү. Ага Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон КРнын жарандары тартылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702