7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Соцтармак аркылуу алган буйрукту аткарам деп…» Бишкекте үй өрттөөгө аракет кылгандар кармалды

669

Бишкек милициясы тарабынан үй өрттөөгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

23-мартта Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Деповский көчөсүндөгү үйдү өрттөөгө аракет кылгандар боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине аял киши арыз жазып, ошол эле күнү болжол менен саат 18:20 чамасында үйгө күйүүчү зат ыргытып, үйдү өрттөөгө аракет кылгандарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 216-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалган.

Аны тинтүү учурунда кара куурайдын жыты бар жашыл түстөгү зат жана кофеин таблеткалары алынган. Ошондой эле 1982-жылы туулган жаран да кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, кармалган жигит телеграм социалдык тармагы аркылуу буйрутмаларды алып, баңгизат жеткирип жүргөнүн, ошондой эле социалдык тармактар ​​аркылуу үйдү өрттөөгө буйрук алганын, ал дагы бирөө менен чогуу аткарууга келгенин түшүндүргөн. Мындан тышкары, алар башка жеке үйдү өрттөөгө аракет кылгандыктарын моюнга алышкан, ошондой эле өздөрүнүн аракеттерин телефонго жаздырып, ошону менен буйруктун аткарылганын тастыкташкан. Учурда бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670