7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

840

Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты.

Үй Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак-жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи. «Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу пландалууда», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

841