7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

967

Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел жана Талас облусунун Өтмөк ашууларында аба ырайы турукташканга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка»»постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү (катуу, көрүүнүн чектелиши) байкалууда.

Азыркы тапта ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

ЖКККББ айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

968