7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаардык кеңешинин төрагасы: Кызматтык унаага муктаж эмесмин, бирок баш тартпайм

1259

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков кызматтык унаасы боюнча суроого жооп берди. Анда ал шаардык кеңештин төрагасынын жумушунда кызматтык унаага зарылчылык жок экенин моюндап, бирок жаңы алган унаасынан баш тартпай турганын билдирди.

-Негизи шаар ичинде эле болосуз, кызматтык сапарлар жок, унаага канчалык зарылчылык бар эле?

-Мен муктаж деле эмесмин, бирок мыйзам боюнча мага кызматтык унаа берилиши керек экен. Аны мен алганым жок, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы алып берди. Мурдагы кызматтык унаа бузулуп калгандыктан бул маселе бир жылдан бери эле көтөрүлуп келген.

— Эгерде анчейин зарылчылык жок болсо, бюджетти үнөмдөө үчүн кайра кайтарып берет белеңиз?

-Мыйзамсыз болсо кайтарып берем, бирок кызматтык унаа мыйзамдуу алынып жатат.

Эсиңиздерде болсо, Салман Назылбеков президенттин кызматтык унаа сатып алууга тыюу салган жарлыгынан 2 күн мурда «Toyota Camry 55» кузовундогу кызматтык автоунаа сатып алган.

Кыргызстандын президентинин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында, 1-марттан тарта Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилгенин кабарлап, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттин эсебинен кызматтык унаа алууга жана имараттарга капиталдык ремонт жасоо үчүн тендер жарыялоого убактылуу тыюу салынганын билдирген.

Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган. Бирок тыюу салынардан бир нече күн мурда аракет кылган Ош шаардык кеңешинин төрагасы кызматтык унаалуу болууга жетишип калган. Деген менен бул көрүнүш коомчулукта төрагага кызматтык унаанын эмне зарылчылыгы бар эле деген талкууга жем таштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1260