7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупция: Таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн евро максатсыз иштетилгени айтылууда

1247

Кечээ, 1-апрелде Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу Бишкектеги таштанды төгүүчү жайда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга мэриянын тиешелүү жетекчилери катышып, таштанды маселелери жана аны чечүү жолдору талкууланды.

Буга чейин Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды иретке келтирүү максатында Европа өнүктүрүү банкынан 22 млн евро кредиттик жана гранттык негизде акча каражаты алынган.

Учурда 22 млн евронун 10,5 млн евросу иштетилип, бирок таштанды төгүлүүчү жайда көңүл жылытаарлык иш болбогону белгилүү болду.

Депутат Тазабек Икрамов “22 миллион акча каражаты максатсыз иштетилип, коррупциялык жагдайлар бар экенин тастыктап турат. Бул үчүн депутаттык комиссия түзүп, каражаттын кандай пайдаланылганын тыкыр иликтеп чыгуу керек”,-деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жалолидин Нурбаев “Санитардык эрежелер сакталбагандыктан жарандардын ден-соолугуна коркунучтар жаралышы толук мүмкүн. Себеби бул жерде таштанды терген адамдар кечкисин коомдук унаалар менен шаардын туш тарабына барат. Эгер зыяндуу бактериялар болсо, ал жугуштуу ооруга айланып жарандарга жайылышы ыктымал”,-деди.

Андан соң көчмө жыйын Бишкек шаарынын мэриясында уланып, анда таштанды маселеси боюнча калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров “Таштанды төгүлүүчү жайга деп бөлүнгөн 22 миллион евро максатсыз иштелген. Кайра иштетүү боюнча завод куруу сунушу менен бир топ инвесторлор келген. Тилекке каршы мурдагы мэрлер эмнегедир заводдун курулушуна кызыкдар болгон эмес. Азыр завод куруу ниетин билдирген инвесторлор менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгын 2 айдын ичинде билдиребиз”,-деди.

Жыйын соңунда каражаттын кайда кеткенин иликтөө максатында депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги таштанды жайы 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1248