7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мыйзамсыз берилип кеткен жерлер кайтарылды

686

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэриясы мыйзамсыз ажыратып берген 5 га жана 0,15 га жер тилкелер кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, Баткен шаарынын мэриясынын 2005-жылдагы токтому менен К.С. жана К.А. аттуу жарандарга жалпы 5,15 га муниципалдык жер тилкелер мыйзамсыз менчикке бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылган.

Аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында Баткен шаардык мэриясына прокурордук талап келтирилип, 2 млн 900 миң сомдук жер тилкелер мэриянын балансына кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687