Ош шаарынын борбордук аянтында Рамазан айынын алкагында кайрымдуулук акциясы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынан жана Ош облусунан жалпысынан 154 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.
Кайрымдуулук Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңеши тарабынан Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүлдү.
Акцияга Түркиянын дин иштери боюнча элчилигинин кеңешчиси Мурсел Өзтүрк жана Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышты.