7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек чек арасында 2 кыргыз жаранынын көз жумушу. Кылмыш иши козголду

783

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, Кыргызстандын 2 жараны көз жумган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Жалал-Абад ОИИБден билдиршти.

Маалыматка ылайык, кечээ 5-апрель күнү таңга маал болжол менен саат 06:30 чамаларында Аксы районунун Авлетим айыл аймагында Дейрес-Сай айылынын тургундары 1991-жылы туулган О.С. жана 1984-жылы туулган О.Т. Өзбекстандын Наманган областынын Уйчи районунун Кызыл-Рабат кыштагына Өзбекстандын чек арасын бузуп өткөн убакытта Өзбек чек арачылары курал колдонуп ок чыгарган. Натыйжада алар окуя болгон жерде каза болгон.

Бул окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, КРнын Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренесинин негизинде (Адам өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча жогорудагы атуулдар мурда Өзбекстандын жарандыгы менен ошол аймакта жашап, 2012-жылы Кыргызстанга көчүп келишип, ата-энеси менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Алар Аксы районунун Дейрес-Сай айылынын Беш-Чынар аталган участкага катталып ошол жерде жашап жүрүшкөн.

Каза болгон жарандардын сөөктөрү Өзбекстандан Кыргызстанга Маданият посту аркылуу өткөрүлүп берилип, учурда соттук-медициналык экспертизанын негизинде тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784