Бүгүн, 6-апрелдеги парламент жыйынында №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланып келген Жогорку Кеңешинин депутаты Атазов Шайлообек Карыбекович ант берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго Жогорку Кеңештин депутаттык күбөлүгү жана төш белгисин тапшырды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов округунда кайра шайлоо дайындалганда Атазов кайрадан талапкерлигин көрсөткөн. Свердлов округундагы шайлоонун жыйынтыгында ал 16,28% менен экинчи орунду алган. Жеңип чыккан Абдурахманхаджи Муртазалиев добуш сатып алууга шектелип жаткандыктан, БШК аны каттоодон баш тарткан.