Бүгүн, 6-апрелде саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде унаалардын тыгыны пайда болуп, 200гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
“Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечеңдешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.