Ош облусунун аймагында оң рулдуу унаалардын катышуусу менен үч ай ичинде 11 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, анын кесепетинен бир адам каза болуп, 19 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алган. «2021-жылдын 12 ай ичинде Ош облусунун аймагында 133 жол унаа кырсыгы катталган анын кесепетинен 30 жаран каза болуп, 282 жаран денелеринен ар кандай жараттарды алышкан. Оң рулдуу унаанын айдоочулары жүргүнчүлөрдү түшүрүүдө жана башка унааларды ашып өтүүдө оорчулукту жаратып, жол-кырсыктары тобокелчилигине алып келет»,- деп айтылат маалыматта.