7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эки колу жок, бир буту 20 смге кыска». Буттары менен айымдарды сулуулаган Вера

1084

Эки колу жок, бир буту экинчисинен жыйырма сантиметрге кыска болуп төрөлгөн Вера Фещук учурда буттары менен макияж жасайт.

Вера Фещук Украинанын Тернопольщин айылында төрөлгөн. Дарыгерлер ата-энесине кыздан баш тартып, таштап кетүүнү сунуштап, баланын беш жыл дагы жашашына эч кандай ишенүү болгон эместигин айтышкан.

Анткени, Вера колдору жок, бир буту экинчисинен жыйырма сантиметрге кыска болуп жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чейин сүйлөй да алган эмес. Бирок ата-энеси жана бир туугандары аны жакшы көрүп багышкан.

Жети жашында башка балдардай эле билим алып баштаган. Тагыраак айтканда, мугалимдер үйүнө келип окутушкан. Буттарынын жардамы менен жазганды үйрөнүп, мугалимдер анын жакшы окуганын ар дайым белгилеп келишкен.

Азыркы убакта бардык иштерди буту менен жасай алат. Шыпырып, тамак жасап сырткы жумуштарды дагы кылат. Эң кызыгы, ал буттары менен макияж жасоону үйрөнүп алган, анын бул тармакта диплому дагы бар. Анын сүйүктүү хоббиси кол-өнөрчүлүк болгондуктан тиккенди жакшы көрөт.

Вера 2011-жылы ага беш жыл бою кам көргөн жигитке турмушка чыгып, Эвелина аттуу кызы жана Арсений аттуу уулу бар. Тилекке каршы, жолдошу көп иче баштагандыктан үй-бүлөдө чыр-чатактар чыгып ажырышып кеткен.

Азыркы убакта ал кыздарды колу жок болгондуктан буту менен боёнтуп акча табат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1085