Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга тургун арыз менен кайрылып, бир бөлмөлүү батирден экини сатам деп, андан 37 миң доллар акчасын алып, из жашырган адамга чара көрүүнү суранган.
Кылмышка шектелип 30 жаштагы жаран кармалып, камакка алынган.