Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн районунун Алма-Ата-Чугуева көчөлөрүнүн кесилишинде «Ford Mondeo» жана «Mercedes-Benz 230» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болгон.
Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши жабыркаган (аты-жөнү такталууда).
Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.